Жалал-Абадда “Крутой” операциясы жүргүзүлдү

Ушул күндөрү Жалал-Абад ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн демилгеси менен Жол көзөмөлдөө кызматы тарабынан транспорт каражаттары текшерилип, жол эрежелерин бузушкан айдоочуларга протоколдор толтурулуп, тиешелүү документтери жок автоунаалар атайын айып жайларга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Мыктыбек Турдубеков кабарлады.

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жол коопсуздугун сактоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, автоунаалардын маңдайкы жана алдынкы айнектерине чапталган күңүрттөөчү жапкычтарды алдыруу боюнча "Крутой" операциясы 12-14-февралдарында жүргүзүлдү.

Операциянын аталышы айтып тургандай, бул рейдде аймактагы мыйзамга карама-каршы келген, жол эрежелерин сактабаган, айрыкча кымбат баалуу, көлөмү чоң автоунаалардын айдоочуларын тартипке салуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары, милициянын ардагерлери, башкармалыктын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте натыйжалуу жумуш алып баруудабыз”,- дейт Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Мыктыбек Турдубеков.

Рейддин жыйынтыгында бардыгы болуп 13 кылмыштын бети ачылып,1 издөөдө жүргөн жаран кармалган. Андан сырткары облус боюнча алдын ала каттоодо турган 289 жаран жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жарандар текшерилип, тийиштүү иштер жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umar080814
2016-02-15 17:06:53
Туура кыласыңар
+6
Musabaeva
2016-02-15 17:37:14
Эн жакшы, ишинерге ийгилик!
+4
Moskva.kg
2016-02-16 02:04:25
Жакшы кабар туура кыласынар мыйзамга таянып штрафты очойтуп салгыла болбосо Жалал-Абад шаары башаламан болуп шаардын корку кетип бараткандай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан