Саламаттыкты сактоо министри: "Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө азыркы оорукана заманбап талапка жооп бербейт"

Бүгүн, 15-февралда Бишкекте Эне-баланын саламаттыгын коргоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө Балдардын бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага катышкан саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев оору менен күрөшүүнүн күнгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, учурда жыл сайын өлкөдө 100-150дөй балдар оорулары каралат. Тилекке каршы, аймактагылар шарт жогунан улам бул ооруга маани бербей, оор абалда гана борборго кайрылышат.

"Азыр оору менен күрөшүүдө абал мурдагыга караганда жакшы. Мурун бул борбордо 20 койка болсо, азыр саны 30га жетти. Ошондой эле Ош облусунда 15 койка бар. Мамлекет колдон келишинче жардам берип жатат, бирок технологиялардын өсүшү, жаңы чыккан дары-дармектердин баасын эске алганда, мамлекеттен бөлүнгөн каражат оору менен жабыркагандарды камсыздоого толук жетпейт. Бул учурда коомдук ишкерлер, коомдук камкордук фонддорунун жардамы керек. Айта кетчү нерсе, учурдагы борбор онкологиялык оорулар менен күрөшүүдө заманбап талапка жооп бербейт. Министрлик жакын арада бул маселени чечүү аракетин көрүүдө. Буюрса, Эне-баланын саламаттыгын коргоо боюнча улуттук борбор жаңы, заманбап имаратка ээ болот",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MIRlan
2016-02-15 18:52:12
Мискенбаев ушундай проблемаларды чечпейби деймда, куудулдарды коё туруп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан