Орусияда Зика илдети менен ооруган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Орусиянын Тургундардын укугун коргоо тармагын көзөмөлдөөчү федералдык кызматынын сайтында бүгүн, 15-февралда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, учурда илдетке кабылган бейтап Москвадагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Анын үй-бүлөсүндө андан бөлөк эч ким илдетке чалдыкпаганы аныкталды. Бул айым Зика вирусун Доминиканада эс алып жүрүп жуктуруп алган. "РИА Новости" маалымат каражатынын медицина тармагындагы булагынын айтымы боюнча, Зикага чалдыккан айым Москвада жашайт, анын учагы Домодедово аэропортуна конгон. Федералдык кызматтын билдиргени боюнча, бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Зика лихорадкасы - маймылдардын курч мүнөздөгү жугуштуу оорусу, адамга чиркейлер аркылуу жугат. Вирус кош бойлуу аялдарга кооптуу, себеби түйүлдүктөгү ымыркайдын баш мээси жакшы өрчүбөй калат.