6-февралга караган түнү Тайвандагы жер титирөөдөн 116 адам каза болуп, издөө иштери 13-февралда токтотулду. Бул тууралуу британдык "Рейтер" басылмасы жазып чыкты.
13-февралда саат 15:00 чамасында дайынсыз болгон акыркы тургундун сөөгүн таап чыгышты. Андан соң Тайнань шаарынын мэри издөө иштери аяктаганын жарыялаган. Каза болгон 114-адам Тайнандагы 17 кабаттуу турак үйдүн калдыктарынын астынан табылган.
Турак үйдүн кулашы боюнча териштирүү иштери башталып, анын куруучулары камакка алынышты.