Орусияда өздөрүн "патриот" деп эсептегендер дагы эки кыргыз кызын азербайжан улутундагы жигиттер менен кафеде жүргөн жеринен кармап, суракка алганы тууралуу видео интернетке тарады. Видео 15-февралда тараганы менен, качан жана кайсы убакта тартылганы азырынча белгисиз.
Кыздардын бири бетин видеого тартууга каршы чыкпай, өз оюн айтып берген. Ал эми экинчиси болсо жүзүн жашырууга аракет кылган. Талас облусунан боло турганын айткан кыздар эч кандай туура эмес жолдо эместигин түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Балдар кыздарды ур-тепкиге алышкан эмес.
Ички иштер министрлиги тарабынан видео тууралуу азырынча жооп боло элек.