15-февраль - Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарынын мектептеринде Ооган согушунун ардагерлерин окуучулар куттукташууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары ардагерлерге арнап ыр-бийлерди тартуулашып, белектерди беришти. Ал эми Ооган согушунун ардагерлери өздөрүнүн башынан өткөн согуш талаасындагы эрдиктери, майдандагы урунттуу учурлар туурасында кеңири айтып беришти. Ошондой эле окуучулар да өздөрү кызыккан суроолорду берип, өз учурунда жоопторун ала алышты.
Ардагерлер менен болгон жолугушууга окуучулар, Ооган согушунун ардагерлери, мугалимдер жана ата-энелер катышышты.