Окуучулар салтанаттуу иш-чараларга негизи жок катышпашы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтты.
Жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Ош облусунун Алай районундагы бала бакчанын ачылышындагы жеңил кийимчен балдардын фактысы боюнча бир нече тапшырмаларды берди.
Гүлмира Кудайбердиева премьер-министр Темир Сариевдин буга чейин берген буйругун аткарабаганы үчүн Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызматтык ордун кайрадан карап чыгуу буйругун Билим берүү жана илим министрлигине берди.
"Мындай иш-чараларды жаңы форматта өткөрүүгө өтүү зарыл. Дагы ушундай сыяктуу учурлар кайталанса, башчыларга катуу чара көрүлөт, кызматтык ордунан бошотууга чейин жаза берилиши мүмкүн",- дейт Гүлмира Кудайбердиева.