2015-жылы Орусияда иштеген мигранттардын кыргыз жергесине акча которуулары 28 пайызга кыскарган. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө Миграция кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтымында, которуулар долларлык эквивалент менен алганда азайган, ал эми рубль менен жүргүзүлгөн акча операциялары көбүрөөк болгон.
"Былтыр биринчи жарым жылдыкта Орусияда эмгектенген мигранттардан келген акчалар 45 пайызга төмөн болгон. Август айынан тарта кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө болгондон кийин которуулар боюнча пайыздык көрсөткүч 28ге чейин түшүрүлгөн.
Ошондой эле август айында болгон өзгөрүүлөр эмгек мигранттарынын Орусиядан кетип кайра келүүсүнө өбөлгө болду. 2015-жылы Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын жалпы саны 560 миңди түзсө, 2016-жылдын башында бул көрсөткүч 552 миңге барабар болду. Кээ бир мекендештерибиз "кара тизмеге" кирип калуусуна байланыштуу кайра бара албай калышты",- деди Асанбаев.