"Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жарандары көбүнчө кеме куруу тармагына тартылган",- деди бүгүн, 16-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө Миграция кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Асанбаев.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө 15 миң кыргыз мигранты эмгектенет.
"Жалпысынан учурда 700 миң кыргыз жараны чет өлкөдө жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгүн мигранттар түзөт. Жарандарыбыздын көбү Орусияда жана Казакстанда иштейт. Түштүк Кореяда 15 миң мигрант эмгектенет, алардын айлык акысы 2,5 миң долларга чейин жетет. Азыр аталган өлкө кеме куруу боюнча алдынкы мамлекеттерге киргендиктен, биздин жарандар жакшы жана стабилдүү жумуш менен камсыздалган.
Ошондой эле былтыр биздин мекеме аркылуу Түркияга иштегени жана окуганы кеткендер 12 миңди түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү мейманканаларда кызмат көрсөтүп иштешет. Бул жумуштар сезонго жараша убактылуу гана болуп эсептелет. Орусиядан Түркияга эс алганы барган туристтер былтыр азайып кеткен. Ошого карабай биздин жарандар ал жерде керектүү кадр катары эсептелет, анткени алар түрк, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөй алышат.
Ал эми Европа менен АКШда жалпысынан 30 миң кыргыз жергесинин жараны жүрөт деген статистикалык маалыматтар бар. Бул өлкөлөр менен визалык режим сакталгандыктан, миграциялык агым туурасында айтуу кыйын. Ошентсе да биздин маалыматтар боюнча мекендештерибиз Италия, Германия, Англия өлкөлөрүндө жүрүшөт. Ал эми АКШда 12 миң кыргыз жараны бар",- деди Асанбаев.