Тарых мугалимдери үчүн семинар-тренингдер өткөрүлмөкчү

17-февралдан 20-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Евразия Конгресси менен биргеликте тарых мугалимдери үчүн "Толеранттуулук: Холокост сабактары" аттуу темада семинар-тренингдерди өткөрмөкчү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынан, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан 35 мугалим катышмакчы. Семинар дин жана улуттар аралык толеранттуулук маселесин чагылдыруу, Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык процессти өнүктүрүү, туруктуу абалга келтирүүгө багытталган. Тренингдин алкагында мектептердин мугалимдери үчүн республиканын аймагында улуттар аралык жаңжалдарга тоскоол болуу боюнча атайын лекциялар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган семинар буга чейин Орусия, Беларусь, Украина жана КМШ өлкөлөрүндө жана 2000-жылдын башында Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан