КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директору Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда акыйкатчы Нарын жана Ысык-Көл облустарында иш сапары менен болгонун, аталган аймактарда жогорку окуу жайларын бүткөн адистер жумушка орношо албай жатышканын айтты. Ошондой эле К.Оторбаев Мамлекеттик кадр кызматынын көйгөйлөрү, жакын арадагы пландары жана аткарылчу иштери тууралуу сурады. С.Жээнбеков бул жаатта атайын мыйзам долбоору иштелип жатканын айтты. Жыйынтыгында эки тарап адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшүштү.