Жер шарынын эң суук материги - Антарктидада жүргөн мекендешибиз Талгат Субаналиевге кайрылганыбызда ал SUPER.KG'ге эксклюзивдүү пикир билдирип, сүрөттөрдү жөнөттү. Кыргыз мамлекетинин желеги Антарктидага чейин жетип, желбиреди.
"Биринчи саякатым Антарктидадан башталганына абдан кубанычтамын. Мында укмуш! Абдан кооз жана тынч. Адамдар жок, жымжырттык... Жаратылыштын гана үнү угулат. Жаратылыш жана сен, башка эч нерсе жок. Азыр кургак жерди көздөй кемеде баратабыз, Аргентинанын эски базасынан түшөт экенбиз. Ал жер азыр музейге айланып калганын айтышты. Мендеги сезимди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Көлөмү үйдөй болгон айсбергдерди, пингвиндерди жанынан көрдүм. Абанын температурасы -6 градусту көрсөтүп жатат, бирок аба кургак жана шамал катуу болгондуктан абдан суук",- деди мекендешибиз.
Талгат бир нече күндөн кийин Аргентинага барарын кошумчалады. Саякаттагы башка кызыктар тууралуу мекендешибиз кыргыз жерине келгенден кийин "Супер-Инфо" гезитине жана SUPER.KG порталына эксклюзивдүү маек берерин айтты.
Антарктида - Антарктикадагы материк, дээрлик Түштүк уюл тегерегинин ичинде жайгашкан. Аянты 14,4 миллион чарчы чакырым. Антарктида расмий түрдө 1820-жылы 16 (28)-январда Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган.
Эскерте кетсек, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Талгат Субаналиев "Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica's landscape" Эл аралык сынагынан башкы байгени утуп алган. Баш байгенин белеги - Антарктидага жолдомо. Ал эми бул сынакта жеңүүчүлөрдү белгилүү фотограф Херш Чада аныктаган. Херш Чада 80дей өлкөгө барган. Фотографтын көңүлүн дайыма адамдын табиятка тийгизген терс таасири түйшөлтүп келген. Ал жер жана жапайы чөйрөдөгү сүрөттөрү менен даңкы чыккан.