Бишкекте 20-29-февраль күндөрү Япония маданиятынын 6-жумалыгы өтөт

Бишкекте 20-29-февраль күндөрү Япония маданиятынын 6-жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Япония өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.

Жумалыкты аталган элчилик Кыргыз-япон адам өнүктүрүү борбору, Дене тарбия жана спорт боюнча Бишкек шаардык комитети, айкидо, дзюдо, иайдо, каратэ шотокан, каратэ шиннкёкушинкай, кэндо, сумо мушташ өнөрлөрүнүн федерацияларынын, Мукаш Абдраев атындагы жатак-мектебинин жана "Сейтек" балдар борборунун жардамы менен уюштурууда. Япония жумалыгынын алкагында ар кандай маданий иш-чаралар: "Караоке сынагы", "Япония мушташ өнөрлөрү жана музыка фестивалы", "Бишкек шаарынын сумо боюнча эл аралык ачык турнири", "Го боюнча мастер-класс" жана "Япония тасмаларынын фестивалы" уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан