Нарын. Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары жолдун боюна тиричилик калдыктарын төгүшүүдө

Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары жолдун боюна тиричилик калдыктарын төгүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул маселе боюнча инспекциянын адистери Көк-Жар айыл өкмөтүнө бул жерге тиричилик калдыктарын төгүүгө болбой турганын айтып, бир нече жолу эскертүү берген. Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы: "Бул жер боюнча айылдык кеңештин депутаттары менен макулдашылган чечим бар, ошондуктан мыйзамдуу",- деп жооп берген.

Катуу тиричилик калдыктарын төгүүгө (свалкага) уруксат кагаздарын Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы берет. Ошондуктан инспекциянын адистери Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын свалканын мыйзамдуулугун аныктап берүү үчүн билдирүү жиберишкен.

Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынан адистер келип таштандыны уруксат берилбеген жерге төгүп жаткандыгын аныктап, анын негизинде протокол түзүлүп, 15 000 сом айып салынган. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сабыржанов айылдык кеңештин депутаттары чыгарган чечим бар, ошондуктан мыйзамдуу деп Кочкор райондук сотуна кайрылган. Кочкор райондук сотунда ушул маселе боюнча соттук отурум жакынкы күндөрү болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AlbertEnshtein
2016-02-19 02:02:26
ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-02-19 12:03:58
AlbertEnshtein,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
5 күн БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан