Укук коргоочу Калича Умуралиева Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери тарабынан сабалганын SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдүн тургундары үйдүн сапатына нааразы болуп кайрылышкан. Калича Умуралиева үйдүн долбоорун чийген архитекторго кайрылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң, үйдү эксплуатацияга берген Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкери Шараф Ачилдиевге барышкан.
"Биз Шараф Ачилдиевге барганыбызда ал биз менен сүйлөшүүдөн баш тартып, аны менен сүйлөшүүгө укугубуз жок экенин айтып, бизден сыртка чыгууну талап кылды. Андан соң инспекциянын жетекчилигинин орун басары менен жолугуу үчүн анын кабинетине кирчү коридордо турсам, кабинеттен бир кыз чыгып мени түртүп, эшикти жабууга аракеттенди. Мен ага бул жер анын жеке үйү эмес, мамлекеттик мекеме экенин айттым. Андан кийин эле ал менин чачымдан жула кармап, чапкылап кирди. Колумда микрофон бар болчу, кулатып жиберемби деп корктум. Акыры экөөбүздү ажыратышты",- дейт укук коргоочу.
Калича Умуралиеванын айтымы боюнча, турак үйдүн курулушун Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери керектүү деңгээлде көзөмөлдөбөй эле эксплуатацияга берүүгө уруксат берип койгондуктан, кызматкерлер ушундай жорукка барышы мүмкүн.
Ошондой эле ал Бишкектеги 1-Шаардык милиция бөлүмүнө кайрылып, арыз жазганын кошумчалады.