"Укук коргоочуну сабады" делген Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кош бойлуу кызматкери учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматынын башчысы Анара Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анара Мамбеталиева укук коргоочу Калича Умуралиева журналисттер менен келген соң, алгач инспекциянын басма сөз кызматы менен байланышка чыгышы керек болчу экенин айтты.
"Укук коргоочу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга келген соң бизге кайрылса, биз аны кызыктырган кызматкер менен жолуктурмакпыз, бул биздин милдетибиз. Калича Умуралиева эч кимге кайрылбастан, инспекциянын башчысынын орун басары менен жолугам деп имараттын ичиндеги ар кайсы кабинеттин эшиктерин ачып издеген. Биздин кызматкерлерибиздин суроолоруна жооп бербегенинен түшүнбөстүктөр жаралып, кызматкерибиз сабалган. Ал кызматкерибиздин 2 айлык боюнда бар экен. Бул анын алгачкы бала күтүүсү. Азыр анын абалы оор болуп, тынчын албаш үчүн дарыгерлер эч кимди киргизбей жатышат",- дейт Анара Мамбеталиева.
Анара Мамбеталиеванын ою боюнча, кызматкердин боюнан козголгондуктан, дарыгерлер ага эч кимди киргизбей жатышат.
Ошондой эле Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын сабалды делген кызматкери да арыз жазганы маалым болду.
Эскерте кетсек, бүгүн укук коргоочу Калича Умуралиева менен Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкеринин ортосунда түшүнбөстүктөр жаралган.