Ош. 2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жардам берүүлөр улантылууда

2015-жылдын 17-ноябрь күнү болгон жер титирөөдөн турак жайлары зыянга учураган жарандарга жардам берүүлөр улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча түзүлгөн Ош облустук штабына келип түшкөн гуманитардык жардамдар 2016-жылдын 16-февраль күнү Кызыл-Суу айылдык аймагына жеткирилип, 177 үй-бүлөгө төмөндөгүдөй тартипте таркатылды: 8 тонна 850 килограмм ун (1-сорт, 50 килограммдан), 1 тонна 770 килограмм макарон (ар бир пакетте 10 килограмм), 1770 даана эт консервасы (325 граммдан), 885 килограмм ак күрүч (5 килограмм ар бир пакетте), 885 килограмм кумшекер (5 килограмм ар бир пакетте), 885 килограмм өсүмдүк майы (5 килограмм), ошондой эле 48 тонна 100 килограмм көмүр. Жалпы көмүрдүн болжолдуу баасы 134 680 сомду түзөт.

16-февралда Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Кызыл-Суу айылдык аймагынын жер титирөөдөн турак жайлары зыянга учураган 154 кожолукка 2 даанадан (308 даана) жууркан жана ар бир адамга 16 200 сомдук сертификат таратылып берилди. Жалпы суммасы 2 494 800 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан