Кувейт эмиринин уулу боз үйдө жашоону кыялданат (фото)

Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Маданият күндөрүнүн алкагында маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кувейт мамлекетинин эмиринин администрация башчысы шейх Насер Сабах аль-Ахмед аль-Жабер аль-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, шейх Насер Сабах аль-Ахмеддин резиденциясында өткөн жолугушууда маданият жана маданий алака тууралуу пикир алышты. Ошондой эле ушул жылдын күз айларында кыргыз жергесинде Кувейттин Маданият күндөрүн өткөрүү пландалды. Кыргыздын кылым карыткан маданияты жөнүндө кеп болгондо шейх Насер Сабах аль-Ахмед боз үйдө жашоону кыялданарын билдирди.

Максүтов Кувейт мамлекетинин эмиринин администрация башчысын 2016-жылдын сентябрь айында боло турган Дүйнөлүк II көчмөндөр оюнуна катышууга чакырды. Шейх Насер Сабах аль-Ахмед Көчмөндөр оюнуна маданий өкүлдөр менен келерин билдирди.

Ошондой эле Максүтов Кувейттин Адабият, искусство жана маданият боюнча кеңешинин башкы катчысы Али Хусейн аль-Юх менен жолугушуу өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yarmuuk
2016-02-17 11:38:28
Абдулазиз Ботбаев Кыргыздын душманы экендигин Сауд Арабияда иштеп жургондо далилдеп кеткен.
+5
AlbertEnshtein
2016-02-18 08:10:17
yarmuuk, эмне болгон эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан