Тарых жана маданият жылында тарыхый спектаклдер үчүн өкмөттөн 15 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Максүтов: “Бул каражат Тарых жана маданият жылы үчүн коюлган жаңы спектаклдерге берилет”,- деп айтты.
Эске салсак, 2015-жылдын декабрь айынан бери ар ишемби күндөрү депутат Садык Шер-Нияз, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана театр ишмерлеринин катышуусунда “Театр тармагын өнүктүрүү” максатында расмий эмес жыйын өтүп келет.