Кыргыз-Түрк лицейинин 15 окуучусу гепатит А вирусу менен ооругандыгы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, 25-январдан 15-февралга чейин 15 окуучу сарык оорусуна кабылгандыгы билинди.
"Мектеп окуучулары гепатит А вирусун кышкы каникулда жүргөндө жуктуруп келишкен. Бул оорунун инкубациялык мөөнөтү 35 күндү түзөт. Аталган лицейде сарык оорусу катталгандан кийин санитардык нормалардын сакталышы боюнча атайын текшерүү жүрүп, жыйынтыгында 5 протокол түзүлүп, тиешелүү жетекчиликке 13 миң сом айып салынды",- деди Өмүралиев.