Быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну орун алат. Бул оюндар Бостери айылында жаңы курулган ат майданда өтөт.
Учурда бул ат майданды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ага жалпысынан 480 миллион сом сарпталат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов SUPER.KG порталына билдиргендей, аталган жерде унаа токтотуучу жайды куруу жана жолду жасоо үчүн айлана-тегерегиндеги бак-дарактар кыйылат. "Учурда тиешелүү мекемелер бак-дарактардын канча жылдан бери өсүп жатканын, эскилиги жетип-жетпегенин аныктап жатышат. Кыйылчу дарактардын санын айта албайм",- деди Т.Мамбетов.
Кошумчалай кетсек, бул жайга эки беткей жол курулат жана миңден ашык унааны батырчу унаа токтотуучу жай даярдалат.
2014-жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын тегерегиндеги дарактардын кыйылганы коомчулукта чоң талкуу жараткан.