Бишкекте 14-февралда өрттүн исине ууланып каза болгон 65 жаштагы аялдын үйүнөн 4-5 тонна таштанды чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Турсунбек Ишекеев билдирди.
"3 күндөн бери таштандыларды жыйнап жатабыз, 5-6 унаа таштанды чыгардык. Бүгүн түштөн кийин дагы кошумча унаалар берилсе, баарын чыгарып кетүү оюбуз бар. Бул 2 бөлмөлүү үй таштандыга толуп калган экен, болжол менен 4-5 тонна",- деди Турсунбек Ишекеев.
Кошуналарынын айтымында, маркум үйүнө көчөдөн көрүнгөн нерселерди алып келе берип, үйү толуп, таштандылардын үстүнөн жөрмөлөп жүрчү экен. Ошондой эле ал үйүндө ити менен жашаганы маалым болду. Таштандылар жыйналган соң үй кимге калары учурда белгисиз. Турсунбек Ишекеевдин айтканы боюнча, маркумдун туугандары, жакындары изделип жатат.
Үйдөн чыгарылган таштандылардын арасынан 30-40 жыл мурунку оокат, кийимдерди көрүүгө болот. Психология боюнча бул оору Плюшкин синдрому деп аталат. Плюшкин синдрому - бөлмөлөрдү колдонууга мүмкүн болбой калгыча пайдаланылбаган буюмдарды чогултуу боюнча жүрүм-турумдун бир түрү.
"Мындай учурлар Плюшкин синдромунан тышкары карылыктан да болот. Маркум 65 жашта болсо, карылыгынан жана жалгыздыгынан көчөдөн таштандыларды чогултуп келе берген. Кээ бир адамдарга карылык 30 жашында эле келип калышы мүмкүн. Анда сөөктөрү ичкерип, кан басымы жогорулап, акылы тайкы болуп, жүрүм-туруму өзгөрүлүп, көчөдөн таштандыларды үйүнө чогулта башташат. Кээ бири эс-учун да жоготуп, үйүн билбей, көчөлөп калышат. Андай жалгыз адамдар карылар үйүнө катталып, тиешелүү адистердин же жакындарынын көзөмөлүндө болушу зарыл. Дарыгерлер жашын кайтарбаса да, карылыктын кечирээк келишине аракет көрүлөт",- дейт Республикалык психологиялык борбордун дарылоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубанычбек Эрмегалиев.
Ошондой эле психиатр кыргыз өлкөсүндө ички миграция күч алгандыктан, мындай ооруга чалдыккандардын саны көп экенин кошумчалады.
Өрт ашкана бөлмөсүнөн чыккан. Маркум таштандылардан чыга албай, ууланып каза болгону болжолдонууда.