Сарык оорусу ар бир төрт жылда күч алат. Акыркы жолу эпидемиялык көрүнүш 2012-жылы болгон. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Курманбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, гепатит А вирусуна, башкача айтканда, "кир колдор" оорусуна жашы жете элек балдардын 75 пайызы кабылат.
"Өлкөдө гепатит А вирусу 2008-жылы күч алган, анда 2 миң киши бул ооруга чалдыккан. 2012-жылы эпидемиялык көрүнүш кайталанып, 3500гө жакын адам сарык болгон. Бул оору кайталанып турат, бирок аны күчөтүп жибербеш керек. Ал үчүн мектеп жана бала бакчанын дарыгерлери санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлгө алып турушу кажет. Ал эми ата-энелер гигиенаны сактоо канчалык маанилүү экенин жакшы түшүндүрүшү зарыл.
Тилекке каршы, сарык оорусу балдар арасында жакшы байкалбайт. Жаш балдар чоң кишилердей болуп саргайып кетпейт, анын белгилери сасык тумоого же ич өткөккө окшош болот",- деди дарыгер.