Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кезектеги калаа тургундары менен жолугушуулары башталды. Кечээ, 16-февралда №1-Туран аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугуп, маселелерин угуп келди.
Анда буга чейин болгон жолугушуу жыйындарында айтылган маселелердин аткарылышы, Ош шаарындагы 2015-жылдагы жетишкендиктер жана ушул жылга карата аткарылуучу иш пландар талкууланды.
Айтмамат Кадырбаев эл менен жолугушуп, алардын маселелерин, сунуш-пикирлерин угуу өтө маанилүү экенин белгиледи. “Шаар тургундары менен жолугушуунун негизги максаты - сиздердин социалдык, коммуналдык маселелериңиздерди чечүү, сунуш-пикирлериңиздерди угуу. Буга чейинки сиздер менен болгон жолугушууда үйлөрдө жылуулук системин жандандырууну айткансыздар. Өткөн жылы калаада көптөгөн көйгөйлөр чечилди. Шаарыбызда жаңы заманбап үлгүдөгү 13 модулдук откана жана 17 отказан орнотулуп, 34 көп кабаттуу үй жылуулук системине уланды. Алардын катарында Туран аймактык кеңеши да жылуулук менен камсыз болду. Мындан ары да сиздерге сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн болгон аракеттер жумшалат”,- деди Кадырбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаар жетекчисине оозеки жана кат аркылуу сунуштарын, маселелерин айтышып, жооп алышты. Айтылган маселелерди чечүүнү Кадырбаев тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык кеңештерде уланат.
Эскерте кетсек, шаар мэри ушул кезге чейин шаардын бардык аймактарында төрт жолудан жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып келет.