Жалал-Абадда катуу сабалган 17 жаштагы Назбийке бүгүн, 17-февралда Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун инспектору Бакытбек Жанжигитов билдирди.
Анын айтымында, өспүрүм кызды Ош шаарына которуу алдында анын макулдугу суралган.
“Милиция бул окуя боюнча кордук көрсөтүү фактысын аныктап, кылмыш иши козгоду. Ал эми Назбийкеге аталган жайда психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүлөт. Албетте, ата-энесинин колуна берилбейт”,- дейт Б.Жанжигитов.
Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал SUPER.KG порталына кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.