Сууга чөгүп бара жаткан 10 жашар баланы куткарган жаран сыйлык алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өз убагында жардам көрсөтүп, адам өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Алай районунун Соку-Таш айылынын тургуну, 1980-жылы туулган Уланбек Жаныбеков ӨКМнын "Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн" медалы менен сыйланды. Аталган медалды министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев тапшырды. Ал мындан аркы ишине ийгилик каалап, жарандарга колдон келген жардамын аябай, элдин керегине жараган азаматтардан болуп жүрө берүүсүнө тилектеш экенин билдирди.
Эске салсак, 2015-жылдын 6-октябрында Алай районунун Будалык айыл аймагынын Тамга-Терек айылынын Кош-Тектир участкасынын жашоочусу 2006-жылы туулган Даниель Акматов болжол менен саат 16:00 чамасында мал издеп жүрүп Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 87-чакырымында Соку-Таш участкасындагы Гүлчө дарыясына түшүп кеткен. Аны көрүп калган атуулдардын кыйкырыгынан улам жаңы курулуп жаткан мечиттин курулушунда иштеп жаткан Уланбек Жаныбеков чуркап жетип, сууда агып бара жаткан жеринен Даниель Акматовду суудан алып чыккан. Сууга тумчуккан жана эсин жоготуп койгон жабырлануучуну жээкке алып чыгып, алгачкы жардамдарды көрсөтүп, өмүрүн сактап калган.