Спорттук мелдеште утулган кыздар тарабынан сабалган өспүрүм бир-эки күндө ооруканадан чыгарылат

Спорттук мелдеште утулган кыздар тарабынан сабалган өспүрүм бир-эки күндө ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Улуттук госпиталдан билдиришти. Маалым болгондой, учурда жабыркаган кыздын сурануусу менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана туугандарынан чектелүү гана адам көрүп кетүүдө.

Бул окуя коомчулукка тарагандан кийин сабалган кыз менен көрүшөбүз деген адамдар көбөйдү, ал эми бейтапка ден соолугуна байланыштуу тынчтык керек. Тилекке каршы, ар ким келип болгон окуяны эстетип кетип жатышат. Бирок жабыркаган окуучу кыздын абалы жакшы болуп калгандыктан, бир-эки күндө ооруканадан чыгарылат”,- дешти госпиталдан.

Эскерте кетсек, 10-февралда Кемин районунун кыздары Панфилов районуна спорттук мелдешке барышкан. Кемин районунун командасы утуп, кыздар арасында уруш чыккан. Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын 10-15 кызы тарабынан ур-токмокко алынган кыз жаракаттардан баш мээси чайкалып, денеси көгөрүп, Улуттук госпиталга жаткырылган эле. Окуя Биринчи Май РИИБинде катталып, Панфилов РИИБине жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ern
2016-02-17 18:26:23
Кыздарыбыз дагы балдардан айырмасы калбай бараткансыйт, кудайым өзү сактасын эми.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан