Жалал-Абадда үйүнөн катуу сабалып Бишкекке качып келген Назбийке бүгүн Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна которулду. Жолго чыгар алдында жабырлануучу кыз SUPER.KG порталына айрым шектүү жагдайларды кабарлады.
"Апам мени кордоп жатканын билип, бирок чара көрбөгөн милиция кызматкерлери жүрүшөт. Бейтааныш бир аял пайда болуп калыптыр, мени жамандап жатат. Мени Ошко алып барышпай, жолдон бир нерселер болуп кетиши мүмкүн. Жалал-Абадга жеткенде колу-бутумду кайрып апама кармап берчүдөй сезилип жатат. Үйгө баргым келбейт, эгерде зордоп үйгө алып барышчу болсо, милиция кызматкерлеринен чара көрүүнү суранам",- дейт Назбийке.
Жабырлануучу Оштогу аталган борбордо баш калкалоого макулдук бергенин ырастады. Ал эми факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.