Президент Алмазбек Атамбаев Instagram социалдык түйүнүндө almazbek_atambaev_official аттуу өздүк баракчасын ачты. Өлкө башчынын баракчасы ачылгандан кийин 6 саатта эле 500дөн ашуун интернет колдонуучу жазыла алды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, аталган баракчаны өлкө башчынын маалымат кызматы көзөмөлдөп, расмий кабарларды жарыялап турушмакчы.
Айта кетсек, президенттин дагы башка социалдык түйүндөрдө өздүк баракчасы бар.