Түркиянын Анкара шаарындагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги учурда такталып жатканын 18-февралда SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. "Учурда элчилик каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары бар же жок экендигин тактап жатат",- дешти элчиликтен.
Жардыруу 17-февралда борбор калаанын Кызылай районундагы аскердик жатакананын жанында болгон. Каза болгондордун саны 28ге, жаракат алгандардын саны 60ка жетти. Маалыматтарга караганда, полиция кызматы бомба унаага коюлганын болжоп жатат. Түркиянын премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг бул жардырууну террордук чабуул деп атады. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын басымдуу бөлүгү аскер адамдары экени айтылууда.