Кечээ Бишкекте мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды сактоо боюнча рейд жүрдү

Кечээ, 17-февралда Бишкекте мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды сактоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында борборубуздун Биринчи Май районунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан "Кыргыз тили тууралуу" мыйзамды сактоо боюнча рейд өткөрүлдү. Рейдге мэриянын жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышышты",- деп айтылат маалыматта.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү жарнамалык такталар менен көрнөктөр текшерүүгө алынды. Рейд Тынчтык кең көчөсү жана Бөкөнбаев, Логвиненко жана Москва көчөлөрүндө жайгашкан дүкөндөрдөн башталган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жарнамалык такталарда жана көрнөктөрдө мамлекеттик тил колдонулбаганы аныкталды. Мындан улам жарнама берүүчүлөр жакынкы күндөрү бул мыйзам бузууларды оңдоого милдеттендирилди. Ушул сыяктуу рейддерди дайыма өткөрүп туруу пландалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslankg
2016-02-18 17:52:17
Кыргыз тили кыргызстанда орус тилинин астында майда тамга менен жазылганы отто окунучтуу
0
ruslankg
2016-02-18 17:53:52
Ошол рейд жургузгон кочолордуда кыргызча аташ керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан