Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 2-7-март аралыгында “Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2016” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Анда кыргыз жергесинде тигилген кийимдер, жабдуулар, кездемелер, терилер жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн товарлары, ошондой эле бут кийимдер, кол өнөрчүлүк буюмдары жана сувенирлер сатылат.
Көргөзмөнүн программасы боюнча Кыргыз Республикасында мода индустриясын өнүктүрүүгө арналган суроолорду талкуулоо үчүн семинарлар, тегерек столдор, сынактар жана мастер-класс уюштурулат.
Көргөзмө-жарманкеге 50дөн ашык жергиликтүү тигүү ишканалары, Германия, Чехия, Кытай, Япония, Корея, Түркия жана Монголиянын ишкерлери катышат.