Калк турмушун жакшырткан берекелүү насыя

Жети-Өгүз районунда акыркы үлгүдөгү унааларды оңдоп, компьютердик диагностикадан өткөрүүчү жай жок эле. Бул кемчиликти толуктаса, ийгиликке жетерин түшүнгөн жергиликтүү тургун Улан Ишенбаев унаа оңдоочу жай ачууну туура көрөт. 24кө жаңы толгон жаш ишкердин мындай аракети кимди гана кубантпайт. Жаш ишкер курулушту быйыл мартта аяктап, ишке толук киришүү алдында турат, бирок кардарлары азыртадан эле келе башташыптыр. Өзүнөн башка үч жумушчу алып, күнүнө үч-төрт унаа оңдоп жатканын айткан Улан иштин башындагы кыйынчылыктарга токтолду:

"Өздүк каражат жетпегендиктен бир катар банктарды кыдырдым. Дээрлик баарынын үстөк пайыздары өтө жогору. Эсептесем 1 миллион сомго 4 жылда 700 000 сом кошуп берет экенмин. Ал эми айрымдары каражатты бир нече этап менен бөлүп беришерин айтышты. Бул ишкердик үчүн оор болуп калат. Соңунда таанышымдан угуп, арзан насыя берген "Жети-Өгүз Финанска" кайрылдым. Жылдык үстөгү 10 пайыз болгондуктан, 4 жылдык мөөнөткө 500 000 сом насыя алып, керектүү жабдууларды жана курулуш материалдарын сатып алдым. Ошентип, арзан насыянын аркасы менен ишимди баштап кеттим".

Уюм жеңилдетилген төлөө графигин да түзүп берип, ишкер ай сайын милдеттүү 4000 сомдун тегерегиндеги үстөгүн төлөсө, негизги сумманы кирешесине жараша төлөйт. Учурда тапканы керектөөлөрүнө кенен жетип жатканын айткан ишкер: "Бир унааны үчөөбүз 5 миң сомго оңдосок, 3 миң сомун эки жумушчуга берем",- дейт.

Районго караштуу Тамга айылындагы жеке ишкер Любовь Кузнецова да "Жети-Өгүз Финанстын" кардары. Конок үйүн иштеткен айымдын айтымында, эс алуучулар башка учурда суу муздак деген ойдо августта гана Ысык-Көлдү көздөй агылышат. Дал ушул учур кирешесинин майлуу мезгили болгондуктан, ал үйдү кеңейтип көбүрөөк каражат табуу максатында арзан насыядан 300 миң сом алган. Каражат 8 орундуу кошумча эки бөлмөнү курууга жумшалып, учурда конок үйү күнүнө 24 эс алуучуну кабыл алууга даяр.

"Кумтөр Голд Компани" аймакты өнүктүрүү долбоору катары Жети-Өгүз, Тоң райондору менен Балыкчы шаарында үч чакан насыя уюмун түптөп, тийиштүү каражат бөлгөн. Жергиликтүү калк 500 000 сомго чейин 10-12 пайыз үстөк менен насыяны 1 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөткө ала алат. Чакан насыя мекемелерин жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, "Кумтөрдүн" менеджерлеринен түзүлгөн Байкоочу кеңеш жана Улуттук банк тескейт. Долбоор алкагында алгач ачылган "Жети-Өгүз Финанс" чакан насыя уюму ишти 3 миллион сом менен баштаса, насыялык портфелди алтын кен ишканасы 100 миллион сомго жеткирип берген.

Учурда бардык каражат калктын колунда экенин айткан уюм жетекчиси Талантбек Жапаров: "Кардарларыбыздын 70 пайызы насыяны дыйканчылык менен мал чарбасын өнүктүрүүгө алышат. Азыркы тапта 879 активдүү кардарыбыз бар. Насыянын кайтарымдуулугу 98,6 пайызды түзүп, өткөн жылы 4,5 миллион таза киреше таптык",- дейт. Насыя портфели 100 миллион сомго жеткен "Жети-Өгүз Финанс" өзүн өзү актоого жетишкендиктен, ушул жылдан баштап компания аларды каржылоону токтотуп, уюм өз алдынча иштеп баштайт. “Кумтөр” кайтарымсыз негизде берген каражаттар жергиликтүү элдин турмушун жакшыртууга пайдаланыла бермекчи. Ошондой эле пайыздык чендер да ушул бойдон сакталарын "Жети-Өгүз Финанс" уюмунун адистери белгилешүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sirgak_92
2016-02-19 12:06:15
Бир гана Жети Огуздо элеби
+2
Azim.00kg
2016-02-19 12:19:57
Ушул жонундо маалымат бергилечи кененирээк? Аксыда барбы?
+1
jibew
2016-02-19 12:41:27
Бул "жети огуз финанс" компаниясынын жарнамасы окшойт. Кредит деген жакшы нерсе эмес.
+4
A3A
2016-02-19 14:14:49
jibew,туура, бирок айла жок алууга туура келет((((((
0
jaazira13
2016-02-19 12:55:59
"Кумтөр Голд Компани" аймакты өнүктүрүү долбоору катары Жети-Өгүз, Тоң райондору менен Балыкчы шаарында үч чакан насыя уюмун түптөп, тийиштүү каражат бөлгөн. Жергиликтүү калк 500 000 сомго чейин 10-12 пайыз үстөк менен насыяны 1 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөткө ала алат – деп жазылып турат го?
+2
ediko85
2016-02-19 13:08:16
Лично мен бирда адамды корбодум жакшы болуп кеткен баары эле банкрот уйун алдырып койгон айагы жакшы болбойт кредит тин....
+4
Zarger59
2016-02-19 13:55:20
ediko85,ал соз туураго бирок,биздин эл ушул кредит учун иштеп ошол кредит менен жашап калыштыго. Кимден сурасан эле кредитим бар дейт. Тапкан пайдасын кредитке берип кайра эле баштагыдай эчтекеге жетишпей олтуруп калышат. Кредит бергендер болсо суткор болуп байып элдин канын соруп эле конуп калышты мите курттай. Айла жок заман ошолордуку болуп калды. Карапайым элди ойлогон элге куйгон башчы калбадыго деп ойлойм.
+2
ekaterinburg
2016-02-19 15:15:43
Кыскасы,бир гана ушул ,,Жети-Огуз-финанс"тан акча алгыла деген жарнама экен да.
+1
kamyr26
2016-02-19 15:17:43
Кредитти алганда сонун толой албай калганда алганына окунуп кетет экенсин
+1
ruslankg
2016-02-19 15:48:39
Бизнес план жакшы болсо алса болот кайда жумшарынды билип билбей алып алсан же бироого алып берсен шорун куруп шортачан каласын.
+3
Nasyrkg
2016-02-19 18:08:27
Азыр кридит алып корбогон адам жокго кыргызыстанда меники он жыл болуптур быйыл точна бирок жылыш жакшы эмес колдон келсе албагыла
+1
bond
2016-02-19 19:59:12
Процент-харам.
0
akubeku
2016-02-19 20:47:58
урматту админ.я ушуга окшогон матриял.ды дагы бергилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан