Быйыл Тарых жана маданият жылына карата 78 иш-чара өткөрүлөт, ага 100 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев билдирди. Анын айтымында, алардын экөө эл аралык деңгээлдеги мааракелер болуп эсептелет.
«Быйыл биздин мамлекет үчүн маанилүү иш-чаралар көп. Алардын арасында эл аралык деп эсептелген Көчмөндөр оюну жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы өткөрүлөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы жана башкалар кирет. Бул масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө 100 миллион сом каралган. Бул каражат мамлекеттик деңгээлдеги мааракелер үчүн өтө чоң эмес деп айтар элем»,- деди Раев.