Ош. Окуучулар арасында өткөн "Милициянын жаш досу" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында окуучулар арасында өткөн "Милициянын жаш досу" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, республикалык сынакка катышууга жолдомо алышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынак Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлигинин иш-мерчеминин негизинде, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан шаардагы мектептердин окуучуларынын арасында зордук-зомбулукту болтурбоо, мекенчилдикке тарбиялоо жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, милиция кызматкерлери менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Аталган сынакта 1-турдан жеңип чыккан шаардагы 7 мектептин командалары бекитилген жобонун негизинде күч сынашты. Анда окуучулар формасы, тизилүү катары, дубал гезит, капитандар мелдеши, мыкты ыр сыяктуу тапшырмалар боюнча таймашышты. Жыйынтыгында №32, №52, №17 жана "Олимп" мектебинин командалары жолдомого ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан