Ош шаарында 12-Эл аралык "АгроЭкспо: Жибек-Жолу 2016" көргөзмөсү Ош улуттук драма театрында 25-27-февралдарда өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
“Жер азыгы” Кыргыз Республикасынын агроишкерлеринин ассоциациясы бул көргөзмөнү АКШнын USAID аркылуу көрсөткөн жардамы менен уюштуруп жатат. Анын негизги максаты – технология жана билим алмашуу аркылуу айыл чарбаны жана сооданы көтөрүү. “Жер азыгы” бул көргөзмөнү 2004-жылдан бери уюштуруп келет. Уюштуруучулардын айтымында, “Жибек-Жолу 2016” Борбор Азиянын айыл чарба жаатындагы эң ири иш-чаралардын бири болуп саналат. Көргөзмөгө Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Голландия, Түркия, Германия, Швейцария, Финляндия, Франция, Индия, Кытай, Япония, Пакистан, АКШ, Испания жана башка өлкөлөрдүн компанияларынын өкүлдөрү катышат.
2015-жылы бул көргөзмөгө 3 миңден ашуун адам катышып, дыйкандар жана агробизнестин ортосунда жалпы эсеп менен 6 миллион 900 миң сомдук келишимдерге кол коюлган. Көргөзмөдө жаңы технологиялар жана алдынкы тажрыйба жөнүндө түрдүү семинарлар өтөт. Андан тышкары USAID`дин "Агрогоризонт" долбоору кулпунай, пияз, өрүк, көчөт, жүгөрү жана картошка өстүргөн дыйкандарга кандай жардам көрсөтөрүн айтып берет. USAID`дин "Агрогоризонт" долбоорунун негизги максаты – тандалган агросектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, айрыкча бул иште аялдар жана жаштарга өзгөчө көңүл бөлүү аркылуу дыйкандардын кирешесин жогорулатуу.