Бүгүн, 25-февралда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Сауд Арабия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Ачылыш аземине Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн ишмерлери, эл аралык уюмдар жана жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты.
Бул борбордун ишинин негизги максаты – кыргыз жергесинин коомчулугу үчүн Сауд Арабиянын ар кыл чөйрөлөрдөгү маалыматтык ресурстарына жол ачуу, анын руханий мурастары, жетишкендиктери, бай илимий жана маданий потенциалы менен тааныштыруу жана араб тилин үйрөнүүгө жардамдашуу болуп саналат.
Сауд Арабия таануу жана маданият борбору КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Сауд Арабия Падышачылыгынын кыргыз жергесиндеги элчилигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжасында элчиликтин 60 миң АКШ долларлык каржылык колдоосу менен ишке ашты.