Быйылкы Тарых жана маданият жылынын логотиби иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Султан Раев билдирди. Анын айтымында, ал эки элементтен турат.
“Бүгүн биринчи жолу быйылкы жылдын логотибин элге көрсөтүп отурабыз. Анда кыргыз элинин руху менен духунун символу болгон жаа менен комуз түшүрүлгөн. Кыргыз элинин өткөн тарыхын карасак, аны рух, күч, дух сактап турат. Ошондуктан, биздин оюбузча, мааниси жагынан бул терең логотип болду.
Ошондой эле "Тарых жана маданият жылы" деп атап гана койбостон, практика жүзүндө да бул жылга байланыштуу пландарды ишке ашырып, сөзсүз түрдө жыйынтык көрсөтүү керек”,- деди Раев.