Элдик дарыгер: "Суу бардык ооруларды айыктыруу касиетине ээ болушу мүмкүн эмес"

Ош облусундагы Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кандава айылында дарылык касиети бар таза суу чыгып жатканы тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарланган.

Сууну ичкен адамдар сакайып жатышкандыктан, ал сууну алууга кезекке турган адамдар көп болуп, башка облустардан бери келип жатышканы айтылган. Чынында эле суунун оорулардан айыктыруучу касиети барбы? Бул суроо менен элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулуна кайрылып көрдүк.

"Жок, жер астынан чыккан суу бардык ооруларды айыктыруучу касиетине ээ эмес. Анда кычкылтек, хлор, ар кандай заттар болушу ыктымал, андыктан бардык эле адамдарга иче берүү мүмкүн эмес. Суу менен ашказанды, жеңил-желпи ооруларды айыктырууга жана кан тазалаганга мүмкүн. Балким, айыгып жаткан адамдардын каны тазаланып, же ысык табы бар болуп суунун жардамы тийгендир, же өпкө-боорунда кандайдыр бир тазаланчу заттар бар болгондур. Сууну кайсы ооруга жагымдуу, кайсы ооруга зыяндуу экенин дарыгерден сурап, анализ тапшырып, анан дарылануу керек",- дейт Дүйшөнбек Чомо уулу.

Ал эми Далилдөө медицинасынын эксперти Бермет Барыктабасова төмөнкүлөргө токтолду:

"Негизинен суу адамдын организмине керектүү нерсе. Ансыз организм жашай албайт. Кыргыздар сууну аз ичишет. Бардык тамактарды эле жей бербей, зыяндуу ичимдиктердин ордуна таза сууну көптөн ичсек организм тазаланып, зат алмашуу жакшырат, бирок суу дарылануу каражаты эмес. "Суу ооруларды айыктырат" деген сөз - жомок. Булактагы суу таза жана даамдуу болушу мүмкүн. Балким, бул айрым адамдардын бизнесидир".

Кандавадагы сууга кезекке турган эл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
argen_kg.95
2016-02-25 17:11:46
Адам баласы ылайдан жаралганын унутушпаса кана, суунун мумкун чын эле дарылыгы бардыр, ошол дарыгерлер алып келип текшерип корушсо болмок, эксперттер "ооруларды айыктырат дегени жомок" дебей.
+2
alimyrza93
2016-02-25 17:15:21
арген туура айтат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан