Бүгүн, 25-февраль күнү Ош шаарында өкмөттүн 2015-жылы аткарган жана 2016-жылы аткарылуучу
иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча активдин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, КРнын бардык тармактар боюнча министрлери, шаардагы
мекеме-ишканалардын, облус жана райондордун жетекчилери катышты.
"КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев жолугушуунун максаты жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлөрдү угуп, айтылган маселелерди жетекчилер, коомдун активдери менен бирге талкуулоо экенин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер бардык тармактар боюнча 2015-жылы аткарылган жумуштар жана 2016-жылы аткарыла турган иш-пландар тууралуу маалымат беришти. Катышуучулар өкмөт мүчөлөрүнө жазуу жана оозеки түрүндө суроолорун беришип, тиешелүү жоопторун алышты",- деп айтылат маалыматта.