Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында орун алчу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдыктар башталды. Учурда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданды жана дене тарбия, ден соолукту чыңдоо борборун куруу, оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Бул ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат. Бийиктиги 5 кабаттуу имараттын бийиктигине барабар болуп, ат чабылчу жай, унаа токтотуучу жай, чакан ресторандар эл аралык стандартка жооп бермекчи. Курулуш иштерин 30-июлга чейин бүткөрүү пландалган.