Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү бир жуманын ичинде 198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Протездик-ортопедиялык буюмдарына муктаж болуп тапшырык кылгандар жалпысынан 125 жаран. Анын ичинен 2 жаран биринчи жолу протезге муктаж болсо, 15 жаран протезге муктаж болгондор, ортопедиялык бут кийимге 74 жаран, калган 34 жаран ортопедиялык батек жана корсет-бандаж буюмдарына муктаж болгондор. Айтылган мекемеде 120 жуп ортопедиялык бут кийими, 45 даана протездик-ортопедиялык буюмдары иштелип чыгарылган.