Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө автоунааларга тартип күчөтүлүп, текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Урмат Маматов билдирди.
Анын айтымында, шаар аймагындагы коомдук кичи автобустарга, автоунааларга, такси кызматтарына карата текшерүү жүргүзүлүүдө. "Жалал-Абад шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер жетишпейт. Буга байланыштуу жакынкы райондордон бирден жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер, кайгуул-күзөт кызматкерлери тартылып, шаардагы борбордук көчөлөргө рейд жүргүзүлүп жатат. Анда токтотууга мүмкүн болбогон жерлерге, баш аламан токтоп жол тыгындарын пайда кылган автоунааларга жана атайын унаа токтоочу жайларга текшерүү жүргүзүлүп, көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле коомдук кичи автобустардын документтери текшерилип жатат, анткени айдоочулар ар күн сайын эртең менен медициналык көзөмөлдөн өтүп, анан жумушка чыгуулары керек. Ошондуктан аларга да текшерүү жүргүзүлүүдө",- дейт Маматов.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер ар бир көчөгө бөлүнүшүп иш жүргүзүшүүдө. Мындай текшерүү он күн убакытка созулмакчы.