Маданият министрлигинин бюджети акыркы 11 жылда 64 миллиондон 1 миллиард 400 миң сомго көбөйгөн

Маданият министрлигинин бюджети 64 миллиондон 1 миллиард 400 миң сомго көбөйгөн, бирок андагы маселелер дайыма болгон жана боло берет”,- дейт Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Султан Раев бүгүн, 25-февралда маалымат жыйында. Анын айтымында, Маданият, маалым жана туризм министрлигинин бюджети акыркы 11 жылда кескин көбөйгөн.

Маданияттын маселесин жакшы билем, себеби 7 жыл анда министр болуп иштедим. 2005-жылы анын бюджети 64 миллион сом болсо, 2009-2010-жылдары 860 миллион, ал эми азыркы күндө 1 миллиард 400 миңге жетти. Ошого карабастан маданияттын маселеси дале бар, көп, “маданияттын маселесин чечтик” деген таптакыр туура эмес. Ал дайыма болгон жана болот, бирок биз колдон келишинче күн тартибине коюп, аракетибизди жасай беришибиз керек”,- деди дирекциянын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан