“Шарият боюнча алгач нике кыйылып, андан кийин каттоого баруу керек”,- деди теолог Абдышүкүр Исмаилов бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталып жаткан Үй-бүлө жана
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууда. Муфтияттан билдиришкендей, талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, муфтияттын өкүлдөрү катышты.
Алгачкы сөздү депутат Аида Салянова баштап, мыйзам долбоору менен тааныштырып, андагы сунушталган маселелерди айтып өттү. Ал эми Чубак ажы Жалилов сунушталган мыйзамда алгач үйлөнүп жаткан кыз-жигит, ата-энеси жана жакындары жооптуу болушу зарыл экенин эске алууну кошумчалады.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинин өкүлү бул көйгөйдү чечүүнүн оңой жолун атады. "Айыл жеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, көйгөйдүн чечүү жолун тапса болот. Буга убакыт керек. Биз пайгамбарыбыз көрсөткөн тартипти бузбашыбыз керек. Бир катар талаш-тартыш маселелер ушундан жаралууда",- деди ал.
Ал эми муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов шариятта зордук менен никеге өтүү чоң күнөө экенин айтты. Ал даярдалып жаткан мыйзамдын кээ бир жерлерине тактоолорду киргизүү керектигине токтолуп, адамдардын жашоосуна ыңгайлуулуктарды түзүп берүү зарылдыгын айтты.
Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин ажы Байтейитов никеде теңдик болуусу керектигин белгиледи. "Нике - бул ант. Никеде теңдик болуу керек. "Нике" деген сөздү кыргыз эли кылымдардан бери түшүнүп келген. Айыл өкмөттөрү менен жергиликтүү имамдар биргеликте иш алып барышса, көйгөй чечилет",- деп айтты Байтейитов.