Бишкек-"Манас" аэропорту унаа жолундагы көчө чырактары 1-марттан 30-апрелге чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган жолдун 7,5-чакырымынан 30,6-чакырымына чейин жарыктандыргычтар демонтаждалат. Жаңы жабдыктарды алууга 74,96 миллион сом бөлүнгөн.
Ал эми жолдун ортосундагы эски темир конструкциялар алынып, 3 сантиметрлик асфальт-бетон менен капталат жана эки тарабынан темир тосмолор коюлат.