Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү үчүн өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилген, бирок ал акча иштетилип бүтө электиги маалым болду. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов 25-февралда журналисттер менен болгон жыйында айтты.
"2014-2020-жылдардагы мамлекеттик тил боюнча улуттук программа кабыл алынган. Ал үчүн 490 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди. 2015-жылга анын 243 миллион сому которулуп, бирок акчанын баарын иштете алган жокпуз. Тил комиссиясынын көзөмөлү менен акча мамлекеттик мекемелерге бөлүнгөн. Азыркы күндө анын үстүндө иштеп жатышат. Мисал катары айтсак, Илимдер академиясына былтыркы жылга карата 90 миллион сом берилген, бирок анын 30 миллион сомун эле пайдаланышкан",- деди Эрматов.
Төрага тил комиссиясы тарабынан "Кыргыз тест" системи иштелип чыкканын кошумчалады. "Систем иштелип бүттү. Даярдалган окуу куралдары менен мамлекеттик-муниципалдык кызматкерлерди окутуп, системдик тесттен өткөндөн кийин аларга өз деңгээлине жараша сертификаттарды беребиз. Сертификат төрт деңгээлден турат. Ким кандай деңгээлде тапшырса, ошого ылайыктуу кызмат сунушталат”,- деди төрага.