Бишкекте жаштар тактайга желектин формасын түшүрүп, кыдырата мык кагып, кагылган мыктарды кызыл жип менен чулгап, өлкө желегин өзгөчө ыкмада жасап жатышат. Алар бул эмгекти 3-март - КРнын Мамлекеттик туу күнүнө карата жасашууда.
Желекке эмгеги өтүп жаткан жаштар кабарлагандай, желек 3-мартта аукционго коюлмакчы. Желек үчүн төлөнгөн каражат балдар үйлөрүнүн бирин оңдоп-түзөө иштерине жумшалат.