Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарындагы мергенчилик үчүн берилген жерлерде 2012-2014-жылдары жаныбарлардын саны төмөнкүдөй болгон:
- аркарлардын (памир тукуму) саны 17 599дан 18 988ге чейин жеткен;
- тоо текелер – 48 889дан 49 146га чейин;
- камандар – 1632ден 1668ге чейин;
- эликтер – 5253төн 5670ке чейин.
Бүгүнкү күндө 2015-2016-жылдарга республика боюнча мергенчилик мезгилге чет элдик мергенчилерге Марко Поло тукумундагы аркарлардын 68 башын атууга уруксат берилсе, 62си атылган. Тоо текелердин 274түн атууга уруксат берилген, 223ү атылган. Уруксат берилген 6 эликтен 3өөсү атылган. Ал эми карышкырлардын 28инен 10у атылган. Саналган жаныбарлардын арасынан Марко Поло тукумундагы аркар Кызыл китепке кирген.