Бишкекте пара алып жатканда кармалган И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын кызматкери каза тапты. Маалыматты бүгүн, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты.
23-февралда УКМКнын аталган кызматына Е.С. аттуу жаран кайрылып, Медицина академиясынын аппарат жетекчиси Г.А. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээси аппарат жетекчиси иш бөлмөсүнө бир нече жолу чакырып, 30 миң сом берүүнү талап кылып жатканын айткан. Аталган сумма окуу жайдын аймагына павильон коюуга уруксат берүү үчүн суралганын айткан. Тарифтер боюнча аталган жердин ижара акысы айына 2,5 миң сомду түзөрү да маалымдалган.
Арыз түшкөндөн кийин, 24-февралда факт аныкталып, "пара талап кылуу", "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши ачылган. Тактап айтканда, аталган кызматкер 30 миң сомду алып жаткан маалда кармалган. Кармалган учурда шектүүнүн абалы начарлап, өзүн жоготкон. "Тез жардам" кызматы чакырылып, көрсөтүлгөн чукул жардамга карабай ал каза болуп калганы айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ЖОЖ кызматкери жүрөгүнө күч келип каза болгон.